Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө сүйүнүп же катуу коркуудан аябай толкундоо, абдан алдастоо, апкааруу абалына карата. Бек армиядан келгенде Жыпардын жүрөгү жарыла жаздаган (Каимов). Козучак-чайып ачкычынын жүрөгү жарыла жаздады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө сүйүнүп же катуу коркуудан аябай толкундоо, абдан алдастоо, апкааруу абалына карата. Бек армиядан келгенде Жыпардын жүрөгү жарыла жаздаган (Каимов). В.: Жүрөгү жарылып кете жаздоо. Кожокенин үнүн укканда Кудайбергендин жүрөгү жарылып кете жаздады (Сыдыгалиев). Жүрөгү ыргып кете жаздоо. Акнаардын жүрөгү ыргып кете жаздайт (Осмоналиев).